Июль айында Кызыл-Туу айыл аймагынын Кара-Көл айылында улуттук маданиятты жана руханий баалуулуктарды даңазалоого багытталган «Ыр кесе» маданий иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жана «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик – Уңгу жол» Жарлыктарын ишке ашыруу максатында уюштурулду.
Маданий иш-чаранын негизги максаты — улуттук каада-салттарды, маданиятты жана адеп-ахлактык баалуулуктарды даңазалоо, жаш муундарды руханий тарбиялоого салым кошуу, ошондой эле чыгармачыл таланттарды колдоо болуп саналат.
Мындай маданий иш-чаралар айыл тургундарынын ынтымагын бекемдөөгө, улуттук баалуулуктарды сактоого жана аларды келечек муундарга өткөрүп берүүгө чоң өбөлгө түзөт.





