Айыл аймак тарыхы

Кызыл-Туу айыл аймагы

Айыл аймагынын тарыхы

Кызыл-Туу айыл аймагынын түптөлүшү, административдик өнүгүүсү, тарыхый жетекчилери жана курамына кирген айылдар жөнүндө маалымат.

1926 Алгачкы расмий катталган жыл
20 Айыл аймактын курамында
5 543 Жалпы кожолуктардын саны
32 876 Жалпы калктын саны

Кызыл-Туу айыл аймагынын административдик тарыхы өткөн кылымдын 20-жылдарынан башталып, бир нече колхоздун, сельсоветтин жана айылдык кеңештин биригүүсү аркылуу калыптанган.

Айыл аймагынын түптөлүшү

Кызыл-Туу айыл өкмөтү 1996-жылы айылдык кеңештин базасында уюшулган. Айыл аймагынын административдик борбору болгон Мундуз айылы 1954-жылдан баштап түптөлгөн.

Кызыл-Туу айыл аймагынын уюшулуу тарыхы өткөн кылымдын 20-жылдарынан кийин башталган. Тарыхый далилдерге ылайык, алгач Көк-Арт волостунун карамагындагы «Кызыл-Сеңир» сельсовети 1926-жылдын 6-декабрынан баштап расмий катталып келген. Кийинчерээк ал Кызыл-Туу деп аталып калган.

Сельсоветтин аймагында Орозбеков, Сталин, Кара-Жыгач, Коммунизм, Жашасын жана Туташ аттуу майда колхоздор уюштурулган.

Тарыхый өнүгүү этаптары

Ачы өрөөнүндөгү Ак-Терек, Бостон, Чыны-Булак, Кара-Көл, Алмалуу, Кедей-Таппас, Алмалуу-Булак, Шатырак, Ак-Булак жана Карынген айылдарынын аймагында Ачы совхозу негизделген. Кийин Орто-Азия, Кызыл-Байрак, Ленин, Ак-Терек, Сталин жана Кызыл-Сеңир колхоздору түзүлгөн.

1940-жылдары Большевик жана Ачы сельсоветтери иштеп турган. 1958-жылы Кызыл-Туу, Ачы жана Большевик сельсоветтери Кызыл-Туу сельсоветине бириктирилген. Кызыл-Туу сельсоветиндеги Орто-Азия, Кызыл-Байрак жана Кызыл-Сеңир колхоздору да бириккен.

1926-жылдын 6-декабры

Көк-Арт волостунун карамагындагы «Кызыл-Сеңир» сельсовети расмий каттоого алынган.

1940-жылдар

Аймакта Большевик жана Ачы сельсоветтери иштеп турган.

1951-жыл

Аймакта машина-трактор станциясы — МТС уюштурулган. Ошол мезгилде Ленин атындагы жана Ак-Терек аттуу эки колхоз болгон.

1958-жылдын 7-апрели

Кызыл-Туу сельсовети эмгекчилердин депутаттарынын Кызыл-Туу айылдык кеңеши болуп өзгөртүлгөн.

1958-жыл

Кызыл-Туу, Ачы жана Большевик сельсоветтери бир административдик түзүмгө бириктирилген.

1996-жыл

Айылдык кеңештин базасында Кызыл-Туу айыл өкмөтү уюштурулган.

1958-жылы Жданов атындагы колхозго Спасовка айылындагы Киров атындагы колхоз жана Ачы өрөөнүндөгү колхоздор бириктирилген. Натыйжада калкынын саны, жер аянты жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрү боюнча Ош облусундагы ири чарбалардын бири түзүлүп, ал Карл Маркс атындагы колхоз деп аталган.

Ошол эле жылы Ачынын ичиндеги жана өрөөнүндөгү колхоздор биригип, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин аймагында Карл Маркс атындагы бирдиктүү колхоз түзүлгөн.

Аймакты жетектеген жетекчилер

Архивдик материалдарга ылайык, 1950-жылдан бери Кызыл-Туу сельсоветин, айылдык кеңешти жана айыл өкмөтүн төмөнкү жетекчилер жетектеп келишкен.

Кызыл-Туу сельсовети жана айылдык кеңеши

1950-жыл Юлдашев Базарбай
1951-жыл Суранбаев Камбаралы
1952-жыл Маматов Токтоназар
1953-жыл Абдурахманов Асан
1954–1957 Сатвалдиева Бүбайша
1957–1963 Кадыркулова Адалат
1963–1965 Көккөзова Какы
1965–1972 Бечелов Аттокур
1972–1985 Жунусова Салтанат
1985–1988 Батыралиев Тыныбек
1988–1992 Бегимкулова Кымбат
1992–1995 Алимов Рысбек

Кызыл-Туу айыл өкмөтү

1996–1997 Жумабеков Марат
1997–2001 Жусупбаев Темирбек
2002–2004 Алишев Мурзакул
2004–2009 Шакиров Асан
2009–2017 Асанов Арстанбек
2017–2021 Калмаматов Мирланбек
2021–2024 Омурзаков Майсалбек
2024–2026 Бокошов Динмухамед
2026-жылдын июнь айынан тартып Абдурашидов Бекзад

Административдик түзүмү жана калкы

Кызыл-Туу айыл аймагында жалпы 20 айыл жайгашкан. Аймактагы 5 543 кожолукта 32 876 адам жашайт. Айылдар боюнча калктын саны төмөнкүдөй:

01 Бостон
3 039 адам
02 Ак-Булак
368 адам
03 Ак-Терек
30 адам
04 Акчалуу
38 адам
05 Алмалуу-Булак
24 адам
06 Карынген
45 адам
07 Кара-Көл
1 140 адам
08 Кызыл-Сеңир
4 005 адам
09 Орто-Азия
3 785 адам
10 Соку-Таш
477 адам
11 Ак-Баш
3 597 адам
12 Шатрак
507 адам
13 Жаңы-Ачы
2 834 адам
14 Кашка-Суу
46 адам
15 Жашасын-2
1 473 адам
16 Алчалуу
109 адам
17 Кызыл-Алма
74 адам
18 Талаа-Булак
2 536 адам
19 Таштак
4 126 адам
20 Мундуз
4 623 адам
Айыл аймактагы калктын жалпы саны 32 876 адам

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген