Акыркы жаңылыктар

WhatsApp Image 2026 09 23 at 12.55.44
Жаңылыктар

КООМЧУЛУКТУН КӨҢҮЛҮНӨ! Коррупцияга каршы маалымдуулук боюнча сурамжылоого катышыңыз! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институту тарабынан калктын коррупцияга каршы маалымдуулугунун деңгээлин аныктоо боюнча онлайн-сурамжылоо жүргүзүлүүдө. Сурамжылоонун негизги максаты — жарандардын коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча маалымдуулугун, коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирүү жолдорун жана мыйзамда каралган жоопкерчилик чаралары тууралуу түшүнүгүн аныктоо, ошондой эле жарандардын коррупция көрүнүштөрүнө болгон мамилесин изилдөө. 🔹 Сурамжылоо ыктыярдуу жана анонимдүү түрдө жүргүзүлөт. 🔹 Катышуучулардын жеке маалыматтары талап кылынбайт. 🔹 Алынган маалыматтар жалпыланган түрдө гана талданып, мамлекеттик антикоррупциялык маалымат саясатын өркүндөтүүгө багытталган сунуштарды иштеп чыгууда пайдаланылат. 📅 Сурамжылоого катышуу мөөнөтү: 30-сентябрь 2026-жылга чейин. Ар бир жарандын пикири маанилүү. Коомдо коррупциянын алдын алуу — жалпыбыздын милдетибиз. Сурамжылоого катышып, өз пикириңизди билдириңиз! 📲 Анкетага өтүү үчүн QR-кодду сканерлеңиз. шилтеме: https:/ /docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSdOVyztGdPPnyzP0f8OrXoLm74Pq4m8Jz8NJ5w2mI_Nx5MdfA/viewform?usp=dialog

КООМЧУЛУКТУН КӨҢҮЛҮНӨ!Коррупцияга каршы маалымдуулук боюнча сурамжылоого катышыңыз! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Ченем жаратуу

WhatsApp Image 2026 09 18 at 14.57.39
Жаңылыктар

Урматтуу Кызыл-Туу айыл аймагынын тургундары 19-сентябрь жалпы республикалык тазалык күнүнө активдүү катышыңыздар

WhatsApp Image 2026 09 17 at 11.46.38
Жаңылыктар

Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган Мамлекеттер аралык коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча кеңештин алкагында «Коррупцияга

Жаңылыктар

2-3-сапКыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата өлкө боюнча бир катар маданий жана спорттук иш-чаралар өткөрүлүүдө. Эгемендүүлүк — элибиздин эркиндигин, мамлекеттүүлүгүн жана өз алдынча өнүгүү жолун айгинелеген маанилүү тарыхый дата. Ушул маанилүү күнгө карата Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн айылдары арасында волейбол жана футбол боюнча спорттук мелдеш уюштурулуп, 31-августта финалдык беттештер менен жыйынтыкталды. Волейбол боюнча мелдештер Кызыл-Сеңир айылындагы спорттук залда өткөрүлдү. Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду Соку-Таш айылынын курамасы, 2-орунду Ак-Баш айылынын курамасы, 3-орунду Жаңы-Ачы айылынын курамасы ээледи. Ал эми футбол боюнча финалдык беттештер Орто-Азия айылындагы футболдук аянтчада өттү. Жыйынтыгында 1-орунду Мундуз айылынын курамасы, 2-орунду Орто-Азия айылынын курамасы, 3-орунду Ак-Баш айылынын курамасы камсыз кылышты. Спорттук иш-чаранын негизги максаты — сергек жашоо образын жайылтуу, жаштарды спортко тартуу менен катар айылдар арасында достук жана ынтымак мамилени бекемдөө. Мелдештердин жүрүшүндө командалар өздөрүнүн спорттук даярдыгын көрсөтүп, күйөрмандарга кызыктуу оюндарды тартуулашты. Жеңүүчү жана байгелүү орундарга ээ болгон командаларга тиешелүү сыйлыктар тапшырылды. Кызыл-Туу айыл өкмөтү мелдешке катышкан бардык командаларга ыраазычылык билдирип, жеңүүчүлөрдү жана байгелүү орундарга ээ болгон спортчуларды куттуктайт. Эгемен Кыргызстандын өнүгүүсү — ынтымактуу коомдон, дени сак жана активдүү жаштардан башталат.

481161201 622963700344656 7284589712620036570 n
Жаңылыктар

Бардык жаңылыктар

14/10/2026

КООМЧУЛУКТУН КӨҢҮЛҮНӨ! Коррупцияга каршы маалымдуулук боюнча сурамжылоого катышыңыз! Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институту тарабынан калктын коррупцияга каршы маалымдуулугунун деңгээлин аныктоо боюнча онлайн-сурамжылоо жүргүзүлүүдө. Сурамжылоонун негизги максаты — жарандардын коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча маалымдуулугун, коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирүү жолдорун жана мыйзамда каралган жоопкерчилик чаралары тууралуу түшүнүгүн аныктоо, ошондой эле жарандардын коррупция көрүнүштөрүнө болгон мамилесин изилдөө. 🔹 Сурамжылоо ыктыярдуу жана анонимдүү түрдө жүргүзүлөт. 🔹 Катышуучулардын жеке маалыматтары талап кылынбайт. 🔹 Алынган маалыматтар жалпыланган түрдө гана талданып, мамлекеттик антикоррупциялык маалымат саясатын өркүндөтүүгө багытталган сунуштарды иштеп чыгууда пайдаланылат. 📅 Сурамжылоого катышуу мөөнөтү: 30-сентябрь 2026-жылга чейин. Ар бир жарандын пикири маанилүү. Коомдо коррупциянын алдын алуу — жалпыбыздын милдетибиз. Сурамжылоого катышып, өз пикириңизди билдириңиз! 📲 Анкетага өтүү үчүн QR-кодду сканерлеңиз. шилтеме: https:/ /docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSdOVyztGdPPnyzP0f8OrXoLm74Pq4m8Jz8NJ5w2mI_Nx5MdfA/viewform?usp=dialog

Толугураак

2-3-сапКыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата өлкө боюнча бир катар маданий жана спорттук иш-чаралар өткөрүлүүдө. Эгемендүүлүк — элибиздин эркиндигин, мамлекеттүүлүгүн жана өз алдынча өнүгүү жолун айгинелеген маанилүү тарыхый дата. Ушул маанилүү күнгө карата Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн айылдары арасында волейбол жана футбол боюнча спорттук мелдеш уюштурулуп, 31-августта финалдык беттештер менен жыйынтыкталды. Волейбол боюнча мелдештер Кызыл-Сеңир айылындагы спорттук залда өткөрүлдү. Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду Соку-Таш айылынын курамасы, 2-орунду Ак-Баш айылынын курамасы, 3-орунду Жаңы-Ачы айылынын курамасы ээледи. Ал эми футбол боюнча финалдык беттештер Орто-Азия айылындагы футболдук аянтчада өттү. Жыйынтыгында 1-орунду Мундуз айылынын курамасы, 2-орунду Орто-Азия айылынын курамасы, 3-орунду Ак-Баш айылынын курамасы камсыз кылышты. Спорттук иш-чаранын негизги максаты — сергек жашоо образын жайылтуу, жаштарды спортко тартуу менен катар айылдар арасында достук жана ынтымак мамилени бекемдөө. Мелдештердин жүрүшүндө командалар өздөрүнүн спорттук даярдыгын көрсөтүп, күйөрмандарга кызыктуу оюндарды тартуулашты. Жеңүүчү жана байгелүү орундарга ээ болгон командаларга тиешелүү сыйлыктар тапшырылды. Кызыл-Туу айыл өкмөтү мелдешке катышкан бардык командаларга ыраазычылык билдирип, жеңүүчүлөрдү жана байгелүү орундарга ээ болгон спортчуларды куттуктайт. Эгемен Кыргызстандын өнүгүүсү — ынтымактуу коомдон, дени сак жана активдүү жаштардан башталат.

Толугураак

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген