Жергиликтүү кеңештин аппараты

Жергиликтүү кеңештин аппараты

WhatsApp Image 2026 07 29 at 11.

Алимов Асанкалый Рысбекович

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин төрагасы.

Билими:
Жогорку билимдүү. 2003–2008-жылдары Экономика жана ишкердик университетинин эсеп-финансы факультетинде «Финансы жана кредит» адистиги боюнча билим алып, экономист квалификациясына ээ болгон.

  • 2009-жылы — Кызыл-Туу айыл өкмөтүндө экономист-бухгалтер;
  • 2010–2012-жылдары — Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын финансы бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
  • 2014-жылы — Жалал-Абад шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси;
  • 2014–2015-жылдары — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу секторунун жетектөөчү адиси;
  • 2015-жылы — аталган аппараттын экономика, инвестициялар жана тышкы экономикалык байланыштар секторунун жетектөөчү адиси;
  • 2015–2022-жылдары — экономика, инвестициялар жана тышкы экономикалык байланыштар секторунун башкы адиси;
  • 2017, 2021 жана 2024-жылдары — Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаты болуп шайланган;
  • 2022–2024-жылдары — Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын уюштуруу-инспектордук, кадр иштери жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
  • 2024-жылдын 28-ноябрынан тартып — Кызыл-Туу айылдык кеңешинин төрагасы.
WhatsApp Image 2026 07 29 at

Джумаев Руслан Эгембердиевич

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин жооптуу катчысы

Билими:
Жогорку билимдүү. 1995–2000-жылдары Жалал-Абад мамлекеттик университетинин инженердик-экономикалык факультетинде «Бухгалтердик эсеп жана аудит» адистиги боюнча билим алган.

  • 1995–1998-жылдары — Жалал-Абад облустук пенсияларды жана жөлөкпулдарды эсептөө жана төлөө борборунда адис, жетектөөчү адис, башкы адис жана бөлүм башчысы;
  • 1998–1999-жылдары — Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин ички аудит башкармалыгынын башкы адиси;
  • 1999–2010-жылдары — Жалал-Абад облустук эмгек жана социалдык коргоо башкармалыгында мамлекеттик жөлөкпулдар, үй-бүлөнү жана балдарды коргоо, мамлекеттик жеңилдиктер жана методология бөлүмдөрүнүн башчысы;
  • 2010-жылы — Жалал-Абад облустук профсоюздар кеңешинин башкы бухгалтери;
  • 2010–2024-жылдары — Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы;
  • 2024–2026-жылдары — Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары — жооптуу катчысы;
  • 2026-жылдын 20-апрелинен тартып — Кызыл-Туу айылдык кеңешинин жооптуу катчысы.

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген