2026-жылдын 24-июлунда Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын коллегиялык отуруму өтүп, райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана аткаруучулук тартипке байланыштуу бир катар маанилүү маселелер каралды.
Коллегияда Сузак районунун 2026-жылдын январь–июнь айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары чыгарылып, 2026-жылдын III кварталына карата негизги милдеттер белгиленди.
Отурумдун жүрүшүндө райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү талданып, биринчи жарым жылдыкта аткарылган иштер, жетишилген натыйжалар жана алдыдагы мезгилдеги артыкчылыктуу багыттар талкууланды.
Тиешелүү жетекчилерге экономиканын тармактарын өнүктүрүү, социалдык объектилердин ишин жакшыртуу, аймактарды көрктөндүрүү жана калктын жашоо шарттарын жакшыртуу багытындагы иштерди күчөтүү боюнча тапшырмалар берилди.
Мындан тышкары, Сузак жана Кызыл-Туу айыл өкмөттөрүндө «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын жана тескемелеринин, Министрлер Кабинетинин токтомдорунун, протоколдук тапшырмаларынын жана башка жогорку органдардын тапшырмаларынын аткарылышы боюнча аткаруучулук тартиптин абалы каралды.
Жарандардын кайрылууларын кароодо мыйзам талаптарын так сактоо, берилген тапшырмаларды өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткаруу, ошондой эле жооптуу жетекчилердин ишин күчөтүү боюнча тиешелүү милдеттер коюлду.
Ошондой эле Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин 2026-жылга карата иш-аракеттер планынын аткарылышы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Т.К. Текебаевдин 2026-жылдын май айында Сузак районунун тургундары менен өткөргөн элдик жыйындарынын жыйынтыгы боюнча түзүлгөн иш-чаралар планынын аткарылышы талкууланды.
Белгиленген маселелерди чечүү боюнча жооптуу жетекчилерге конкреттүү тапшырмалар берилди.
Коллегиянын соңунда Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын II жарым жылдыгында өтө турган коллегиялык отурумдарында каралуучу маселелер бекитилди.
Отурумга айыл өкмөт башчылары, Көк-Жаңгак шаарынын мэри, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу кызматкерлери, айылдык жана шаардык кеңештердин өкүлдөрү, муниципалдык ишканалардын жана райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Коллегиянын жыйынтыгында каралган маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынып, жетекчилерге белгиленген милдеттерди өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткаруу тапшырылды.




