Сузак районунда зордук-зомбулуктун жана өспүрүмдөр арасындагы терс көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

486416775 644788738162152 6270436721817476568 n

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун ишке ашыруу, ошондой эле зордук-зомбулуктун, эрте никеге туруунун, жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун жана суициддин алдын алуу максатында Сузак районунда түшүндүрүү иш-чаралары уюштурулду.

Бул багытта Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б. Сыдыкназаров тарабынан атайын иш-чаралар графиги бекитилген.

Бекитилген графикке ылайык, 2025-жылдын 19-февралында Барпы айыл аймагында, ал эми 21-февралында Кызыл-Туу жана Кыз-Көл айыл аймактарында жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чараларга Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары А. Маматжанов, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик мекеме-ишканалардын жетекчилери жана адистери катышты.

Жолугушуулардын жүрүшүндө үй-бүлөлүк жана коомдогу зордук-зомбулуктун алдын алуу, эрте никенин терс кесепеттери, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун жана суициддин алдын алуу, балдардын укуктарын коргоо жана ата-энелердин жоопкерчилиги боюнча кеңири маалыматтар берилди.

Мындай түшүндүрүү иш-чаралары калк арасында укуктук жана социалдык маалымдуулукту жогорулатууга, жаштардын коопсуздугун камсыз кылууга жана коомдогу терс көрүнүштөрдүн алдын алууга багытталган.

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген