Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун ишке ашыруу, ошондой эле зордук-зомбулуктун, эрте никеге туруунун, жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун жана суициддин алдын алуу максатында Сузак районунда түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлөт.
Бул багытта Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б. Сыдыкназаров тарабынан атайын график бекитилген.
Бекитилген графикке ылайык:
- 2025-жылдын 19-февралында — Барпы айыл аймагында;
- 2025-жылдын 21-февралында — Кызыл-Туу жана Кыз-Көл айыл аймактарында түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.
Иш-чараларга Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары А. Маматжанов, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери жана адистери катышат.
Жолугушуулардын жүрүшүндө зордук-зомбулуктун алдын алуу, эрте никенин терс кесепеттери, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук жана суициддин алдын алуу, балдардын укуктарын коргоо жана ата-энелердин жоопкерчилиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.
Район тургундарын белгиленген иш-чараларга активдүү катышууга чакырабыз.