Таштак айылындагы №86 О. Муратов атындагы орто мектепке спорт зал куруу долбоору

3dab2bd5 49cb 48ea bfa1 bda030d4932f

Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагына караштуу Таштак айылындагы №86 О. Муратов атындагы орто мектепке жаңы спорт зал куруу долбоору ишке ашырылууда.

Долбоордун негизги максаты — мектеп окуучулары үчүн дене тарбия сабактарын жана спорттук иш-чараларды өткөрүүгө ылайыктуу заманбап шарттарды түзүү, окуучулардын ден соолугун чыңдоого жана спорт менен үзгүлтүксүз машыгуусуна мүмкүнчүлүк берүү.

Жаңы спорт залдын курулушу мектептин материалдык-техникалык базасын жакшыртып, окуучулар үчүн жылдын бардык мезгилинде дене тарбия сабактарын сапаттуу өткөрүүгө шарт түзөт. Ошондой эле спорттук мелдештерди, мектептик жана жаштар арасындагы ар түрдүү иш-чараларды уюштурууга мүмкүнчүлүк кеңейет.

Долбоор боюнча негизги маалымат

Долбоордун аталышы:
Таштак айылындагы №86 О. Муратов атындагы орто мектепке спорт зал куруу.

Жайгашкан жери:
Сузак району, Кызыл-Туу айыл аймагы, Таштак айылы, №86 О. Муратов атындагы орто мектеп.

Куруучу:
«Уулбү» ЖЧК.

Долбоордун сметалык баасы:
24 000,0 миң сом (24 млн сом).

Каржылоо булагы:
Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети.

Пайдаланууга берүү мөөнөтү:
2026-жылдын 31-августу.

Спорт зал пайдаланууга берилгенден кийин мектеп окуучулары үчүн дене тарбия жана спорт менен машыгууга ыңгайлуу шарт түзүлүп, спорттук ийримдерди жана мелдештерди өткөрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк пайда болот.

Долбоор жаш муундардын сергек жашоо образын калыптандырууга, окуучулардын спортко болгон кызыгуусун арттырууга жана мектептин билим берүү инфраструктурасын жакшыртууга багытталган

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген