Орто-Азия айылындагы №13 А. Базаров атындагы орто мектепке спорт зал куруу долбоору

A932c281 37a0 4298 a3bc c30db18b70c1

Сузак районунун Орто-Азия айылындагы №13 А. Базаров атындагы орто мектепке спорт зал (күрөш залы) куруу долбоору ишке ашырылууда.

Долбоордун негизги максаты — мектеп окуучуларына дене тарбия жана спорт менен машыгуу үчүн заманбап жана коопсуз шарттарды түзүү, ошондой эле күрөш спорту менен машыккан жаштарды колдоого багытталган спорттук инфраструктураны өнүктүрүү.

Жаңы спорт зал пайдаланууга берилгенден кийин окуучулар жылдын бардык мезгилинде дене тарбия сабактарын өткөрүүгө, спорттук секцияларга катышууга жана күрөш боюнча машыгууларды уюштурууга мүмкүнчүлүк алышат. Ошондой эле мектептик жана райондук деңгээлдеги спорттук мелдештерди өткөрүүгө шарт түзүлөт.

Долбоор боюнча негизги маалымат

Долбоордун аталышы:
Орто-Азия айылындагы №13 А. Базаров атындагы орто мектепке спорт зал (күрөш залы) куруу.

Жайгашкан жери:
Сузак району, Орто-Азия айылы, №13 А. Базаров атындагы орто мектеп.

Куруучу:
«Уулбү» ЖЧК.

Долбоордун сметалык баасы:
16 830,0 миң сом (16 млн 830 миң сом).

Каржылоо булагы:
Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети.

Пайдаланууга берүү мөөнөтү:
2026-жылдын 31-августу.

Бул долбоор мектептин материалдык-техникалык базасын жакшыртууга, окуучулар арасында сергек жашоо образын жайылтууга жана жаштардын спортко, өзгөчө күрөшкө болгон кызыгуусун арттырууга багытталган.

Жаңы спорт залдын курулушу окуучулардын дене тарбия сабактарын сапаттуу өткөрүүсүнө гана эмес, спорттук таланттарды аныктоого жана алардын келечекте жогорку жетишкендиктерге жетүүсүнө шарт түзөт.

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген