2026-жылдын 26-август күнү жергиликтүү бюджет боюнча коомдук угуу өткөрүлдү

WhatsApp Image 2026 09 14 at 17.11.21
WhatsApp Image 2026 09 14 at 17.11.21
WhatsApp Image 2026 09 14 at 17.11.21 (1)

Коомдук угуу учурунда айыл аймагындагы социалдык объекттердин материалдык техникалык абалын жакшыртуу, бала бакчалардын шарттарын жакшыртуу, жайкы ашканаларды жана санитардык объекттерди куруу, вентиляция системаларын орнотуу, китепканаларды жабдуу, спорттук инфраструктураны өнүктүрүү жана курулуш объекттеринин долбоордук документтерин даярдоо боюнча бир катар сунуштар айтылды. Ошондой эле 2027-жылга бюджетти түзүүдө бала бакчалардын эмгек акысына байланыштуу чыгымдардын көбөйүшү эске алынары белгиленди.

ЧЕЧИМ КАБЫЛ АЛЫНДЫ:

  1. 2026-жылдын биринчи 6 айынын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бюджеттин аткарылышы тууралуу маалымат эске алынсын.
  2. 2027-жылга жергиликтүү бюджетти түзүүдө коомдук угууда айтылган сунуштар жана социалдык объекттердин муктаждыктары эске алынсын.
  3. Социалдык инфраструктура объекттери боюнча долбоордук-сметалык жана башка зарыл документтерди даярдоого тиешелүү каражаттарды 2027-жылдагы бюджетте кароо маселеси каралсын.
  4. Кызыл-Сенир айылындагы 150 орундуу бала бакчанын долбоордук документтерин даярдоо маселеси 2027-жылга бюджеттик пландаштырууга киргизилсин.
  5. Соку-Таш айылындагы орто мектептин спорт залы боюнча долбоордук документтерди даярдоо маселеси 2026-жылдын 9 айлык бюджеттик кароосуна киргизилсин.
  6. Мундуз айылындагы футболдук газонду куруу үчүн жер тилкесине тиешелүү мамлекеттик актыларды даярдоо маселеси чечилсин.
  7. Мундуз айылындагы Орто-Сай участогунун жолдоруна шагыл төгүү маселеси каралсын.
  8. Талаа-Булак айылынын Комплекс участогун таза суу менен камсыз кылуу маселеси каралсын.
  9. Ак-Баш айылынын Бахрейн-2 социалдык шаарчасына жылытуу системасын куруу маселеси каралсын.
  10. Айылдардагы бала бакчалардын жайкы ашканалары, вентиляция, септик, сырткы ажаткана, электр генератору жана башка зарыл муктаждыктары бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша каралсын.
  11. Китепканалардын интернет байланышын камсыз кылуу, эмерек жана жабдуулар менен камсыздоо боюнча сунуштар каралсын.
  12. Коомдук угууда айтылган сунуштар жана сын-пикирлер тиешелүү тармактар боюнча жалпыланып, айылдык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизилсин.
  13. 2027-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоору мыйзамда белгиленген тартипте айылдык кеңештин кароосуна сунушталсын.

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген