Урматтуу Ак-Баш айылынын тургундары.
Сиздерди 2026-жылдын 15-октябрь күнү саат 10:00 дө Ак-Баш айылында жайгашкан Э.Төрөбаев атындагы мектебинин имаратында Ак-Баш айылы боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынына катышуучу өкүлдөрдү көрсөтүү жана шайлоо боюнча жыйынга катышып берүүңүздөрдү суранабыз. Аталган жыйында Ак-Баш айылы боюнча 16 өкүл шайланып, 2026-жылдын 24-октябрь күнү саат 10:00 дө Кызыл-Сеңир айылындагы маданият үйүндө өткөрүлүүчү жергиликтүү коомдоштуктардын жыйынына катышып, “Кезектеги V Элдик Курултайга” делегаттарды көрсөтүүгө жана шайлоого катышат.
Ошондой эле аталган жыйын бүтөрү менен Э.Төрөбаев атындагы мектебинин имаратында Ак-Баш айылынын иштелип чыккан башкы планын (генералдык планын) талкуулоо боюнча коомдук угууга да активдүү катышып берүүңүздөрдү суранабыз.
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн атынан айыл башчы К.Кыдыралиев