Айыл аймагы жөнүндө

Кызыл-Туу айыл өкмөтү

Айыл аймагы жөнүндө

Кызыл-Туу айыл аймагынын административдик түзүмү, калкы, географиялык өзгөчөлүктөрү, экономикасы жана социалдык инфраструктурасы жөнүндө жалпы маалымат.

Административдик борбору Мундуз айылы
Түзүлгөн күнү 06.02.1997
Айылдардын саны 20 айыл
Калкы 32 876 адам
Жалпы жер аянты 43 миң га

Жалпы маалымат

Айыл аймагынын административдик жана географиялык маалыматы

Кызыл-Туу айыл өкмөтү — Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы ири айыл аймактарынын бири. Айыл өкмөтүнүн административдик борбору Мундуз айылы болуп саналат.

Расмий маалымат боюнча айыл өкмөтү 1997-жылдын 6-февралында азыркы административдик түзүм катары түзүлгөн. Айыл аймагына жалпы 20 калктуу конуш кирет.

Жайгашкан жери Жалал-Абад облусу, Сузак району
Борбору Мундуз айылы
Түзүлгөн күнү 1997-жылдын 6-февралы
Жер аянты 43 миң гектар
1 200–1 500 м Деңиз деңгээлинен минималдуу жана максималдуу бийиктиги
+30…+40 °C Июнь–август айларындагы абанын орточо температурасы

Аймактын климаты кескин континенталдык. Жай мезгили ысык жана кургак, ал эми температуралык айырмачылыктар мезгилдерге жараша өзгөрүп турат.

Административдик түзүмү жана калкы

Айыл аймагына кирген калктуу конуштар

Кызыл-Туу айыл аймагында жалпысынан 20 айыл жайгашкан. 2026-жылдын 1-январына карата 5 543 кожолукта 32 876 адам жашайт.

Айыл аймагындагы кожолуктардын жалпы саны 5 543 кожолук
01 Бостон
3 039 адам
02 Ак-Булак
368 адам
03 Ак-Терек
30 адам
04 Акчалуу
38 адам
05 Алмалуу-Булак
24 адам
06 Карынген
45 адам
07 Кара-Көл
1 140 адам
08 Кызыл-Сеңир
4 005 адам
09 Орто-Азия
3 785 адам
10 Соку-Таш
477 адам
11 Ак-Баш
3 597 адам
12 Шатрак
507 адам
13 Жаңы-Ачы
2 834 адам
14 Кашка-Суу
46 адам
15 Жашасын-2
1 473 адам
16 Алчалуу
109 адам
17 Кызыл-Алма
74 адам
18 Талаа-Булак
2 536 адам
19 Таштак
4 126 адам
20 Мундуз
4 623 адам
2026-жылдын 1-январына карата жалпы калкы 32 876 адам

Социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр

Аймактын экономикасынын негизги багыттары

Кызыл-Туу айыл аймагынын негизги чарбалык багыттары — дыйканчылык, мал чарбачылыгы жана айыл чарба продукцияларын өндүрүү.

Жергиликтүү бюджеттин жалпы көлөмү 58,8 миллион сомду түзөт.

Дыйканчылык Айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү жана жер ресурстарын пайдалануу
Мал чарбачылыгы Мал багуу жана мал чарба продукцияларын өндүрүү
Продукция өндүрүү Айыл чарба продукцияларын өндүрүү жана кайра иштетүү
Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы

Кызыл-Туу айыл аймагынын 2025–2030-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы иштелип чыккан.

Социалдык инфраструктура

Билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана спорт объектилери

Айыл аймагында билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана спорт тармактары боюнча төмөнкү социалдык объектилер калкка кызмат көрсөтөт.

13
Орто мектеп Жалпы билим берүү мекемелери
1
Жатак мектеп Жатак тибиндеги билим берүү мекемеси
8
Бала бакча Мектепке чейинки билим берүү мекемелери
3
Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу ГСВ медициналык мекемелери
8
Фельдшердик-акушердик пункт ФАП медициналык пункттары
1
Үй-бүлөлүк медицина борбору Тез жардам кызматы менен бирге
3
Китепкана Маданий жана агартуу мекемелери
1
Балдар спорт мектеби Балдар жана өспүрүмдөр үчүн спорттук мекеме
1
Стадион Массалык спорттук иш-чараларды өткөрүүчү объект
4
Кичи футбол газону Айылдардагы спорттук аянтчалар

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген