Муниципалдык мекемелер
- Башкы
- Муниципалдык мекемелер
Муниципалдык ишкана
Кызыл-Туу айыл аймагынын калкына муниципалдык кызматтарды көрсөтүүчү ишкана жөнүндө расмий маалымат.
«Кызыл-Туу кызмат» муниципалдык ишканасы
Ишкананын ишмердүүлүгү жана байланыш маалыматтары
«Кызыл-Туу кызмат» муниципалдык ишканасы административдик-аймактык реформадан кийин, 2024-жылдын апрель айында уюшулган.
Ишкананын негизги максаты — Кызыл-Туу айыл аймагынын тургундарына сапаттуу жана жеткиликтүү муниципалдык кызматтарды көрсөтүү, аймактын тазалыгын камсыз кылуу жана жайыт ресурстарын пайдалануу боюнча иштерди жүргүзүү.
Көрсөтүлүүчү кызматтар
Калктуу конуштардан тиричилик таштандыларын чогултуу, чыгаруу жана аймактын санитардык тазалыгын камсыз кылуу.
Айыл аймагындагы жайыттарды пайдаланууну уюштуруу жана жайыт пайдалануучуларга тиешелүү муниципалдык кызматтарды көрсөтүү.