Муниципалдык кызмат акылары

Кызыл-Туу айыл өкмөтү

Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери

Кызыл-Туу айыл аймагында көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын төлөмдөрү жана аларды эсептөө тартиби.

Тарифтерди бекитүүчү документ Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-ноябрындагы №17-2 токтому

Тарифтер кызматтын түрүнө, пайдаланылган ресурстардын көлөмүнө жана тиешелүү кызмат көрсөтүүчү мекеме менен түзүлгөн келишимдин шарттарына жараша колдонулат.

Таза суу менен камсыздоо

Калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо кызматы.

Тариф ар бир бирикме тарабынан өзүнчө бекитилет
  • Тарифтер ар бир айылдагы Таза суу пайдалануучулар бирикмелери тарабынан бекитилет.
  • Орто-Азия жана Талаа-Булак айылдарында төлөм орнотулган суу эсептегичтердин көрсөткүчтөрү боюнча жүргүзүлөт.

Сугат суу үчүн төлөм

Айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн суу берүү кызматы.

Төлөм тиешелүү тартипте эсептелет
  • Сугат суу үчүн төлөмдөр Сузак райондук суу чарба башкармалыгы аркылуу жүргүзүлөт.
  • Төлөмдүн өлчөмү көрсөтүлгөн сугат суу кызматынын көлөмүнө ылайык аныкталат.

Тиричилик таштандыларын чыгаруу

Турмуш-тиричилик таштандыларын чогултуу жана чыгаруу кызматы.

Белгиленген тариф 200 сом
  • Тариф бир кожолук үчүн эсептелет.
  • Кызмат калктуу конуштардын санитардык тазалыгын камсыз кылуу максатында көрсөтүлөт.

Жайыттарды пайдалануу акысы

Малдын түрүнө жана башына жараша эсептелүүчү төлөм.

Жылкы жана бодо мал 180 сом 1 башына
Кой жана эчки 70 сом 1 башына
  • Жайыт акысы пайдаланууга чыгарылган малдын саны боюнча эсептелет.

Атайын техникалардын кызматы

Муниципалдык атайын техникаларды пайдалануу кызматы.

Баасы иштин көлөмүнө жараша аныкталат
  • Кызмат алуучу аткарылуучу иштин көлөмүнө жараша керектүү күйүүчү майды камсыз кылат.
  • Айдоочунун эмгек акысы түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык төлөнөт.

Муниципалдык техникалар

Трактор, экскаватор, жүктөгүч, самосвал жана башка техникалар.

Өзүнчө туруктуу тариф белгиленген эмес
  • Кызмат көрсөтүүнүн баасы аткарылуучу иштин түрүнө жана көлөмүнө жараша келишим аркылуу аныкталат.
  • Күйүүчү май жана айдоочунун эмгек акысы келишимдин шарттарына ылайык төлөнөт.

Маанилүү маалымат

Таза суу, сугат суу жана атайын техника кызматтары боюнча төлөмдүн так өлчөмү тиешелүү кызмат көрсөтүүчү уюмдан же Кызыл-Туу айыл өкмөтүнөн такталат. Кызмат көрсөтүү шарттары аткарылуучу иштин көлөмүнө жана түзүлгөн келишимге жараша өзгөрүшү мүмкүн.

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген