«Мамлекеттик Ипотекалык Компаниянын» өкүлдөрү Сузак районунун тургундары менен жолугушат

ChatGPT Image 10 авг. 2026 г., 14 20

Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Д.С. Кулубаев тарабынан бекитилген графикке ылайык, «Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ААКтын өкүлдөрү Сузак районунун тургундары менен жер-жерлерде жолугушууларды өткөрөт.

Жолугушуулардын жүрүшүндө жарандар мамлекеттик ипотекалык программалар, турак жай алуу мүмкүнчүлүктөрү жана тиешелүү шарттар боюнча маалымат алып, кызыктырган суроолоруна жооп ала алышат.

Жолугушуулардын графиги:

  • Көк-Жаңгак шаары — шаардык маданият үйү
    18-май 2026-жыл, саат 10:00
  • Көк-Арт айыл аймагы — М. Орозалиева атындагы орто мектеби
    18-май 2026-жыл, саат 15:00
  • Кыз-Көл айыл аймагы — Чымчык-Жар айылдык клубу
    19-май 2026-жыл, саат 10:00
  • Кызыл-Туу айыл аймагы — Кызыл-Сеңир айылдык клубу
    19-май 2026-жыл, саат 15:00
  • Багыш айыл аймагы — Мичурин атындагы орто мектеби
    20-май 2026-жыл, саат 10:00
  • Барпы айыл аймагы — айыл өкмөтүнүн имараты
    20-май 2026-жыл, саат 15:00
  • С. Атабеков айыл аймагы — айыл өкмөтүнүн имараты
    21-май 2026-жыл, саат 10:00
  • Сузак айыл аймагы — Сузак райондук маданият үйү
    21-май 2026-жыл, саат 15:00
  • Кара-Дарыя айыл аймагы — айыл өкмөтүнүн имараты
    22-май 2026-жыл, саат 10:00

Район тургундарын белгиленген убакытта жолугушууларга катышып, мамлекеттик ипотекалык программалар боюнча кеңири маалымат алууга чакырабыз.

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген