Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Д.С. Кулубаев тарабынан бекитилген графикке ылайык, «Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ААКтын өкүлдөрү Сузак районунун тургундары менен жер-жерлерде жолугушууларды өткөрөт.
Жолугушуулардын жүрүшүндө жарандар мамлекеттик ипотекалык программалар, турак жай алуу мүмкүнчүлүктөрү жана тиешелүү шарттар боюнча маалымат алып, кызыктырган суроолоруна жооп ала алышат.
Жолугушуулардын графиги:
- Көк-Жаңгак шаары — шаардык маданият үйү
18-май 2026-жыл, саат 10:00 - Көк-Арт айыл аймагы — М. Орозалиева атындагы орто мектеби
18-май 2026-жыл, саат 15:00 - Кыз-Көл айыл аймагы — Чымчык-Жар айылдык клубу
19-май 2026-жыл, саат 10:00 - Кызыл-Туу айыл аймагы — Кызыл-Сеңир айылдык клубу
19-май 2026-жыл, саат 15:00 - Багыш айыл аймагы — Мичурин атындагы орто мектеби
20-май 2026-жыл, саат 10:00 - Барпы айыл аймагы — айыл өкмөтүнүн имараты
20-май 2026-жыл, саат 15:00 - С. Атабеков айыл аймагы — айыл өкмөтүнүн имараты
21-май 2026-жыл, саат 10:00 - Сузак айыл аймагы — Сузак райондук маданият үйү
21-май 2026-жыл, саат 15:00 - Кара-Дарыя айыл аймагы — айыл өкмөтүнүн имараты
22-май 2026-жыл, саат 10:00
Район тургундарын белгиленген убакытта жолугушууларга катышып, мамлекеттик ипотекалык программалар боюнча кеңири маалымат алууга чакырабыз.