Айыл өкмөт жетекчилиги

Айыл өкмөт жетекчилиги

Абдурашидов Бекзад Абдурашидович

Абдурашидов Бекзад Абдурашидович

Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу.

Билими: 2004–2009-жылдары Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинин экономика факультетинде билим алып, «Бухгалтердик эсеп жана аудит» адистигин аяктаган.

2015–2018-жылдары Жалал-Абад мамлекеттик университетинин педагогика жана маалыматтык технологиялар факультетинде «Дене тарбия» адистиги боюнча билим алган.

2018–2019-жылдары Бишкек шаарындагы Жаш саясатчылар мектебинде окуган.

  • 2009–2011-жылдары — Сузак айылындагы спорт клубунда бокс боюнча машыктыруучу;
  • 2011–2013-жылдары — Кызыл-Кыя шаарындагы тамеки-ферментациялык заводдо программист;
  • 2012–2021-жылдары — Сузак айылдык кеңешинин депутаты;
  • 2013–2017-жылдары — Жалал-Абад шаарындагы И. Раззаков атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде бокс боюнча машыктыруучу;
  • 2015–2020-жылдары — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын жардамчысы;
  • 2017–2018-жылдары — жеке ишкер;
  • 2018–2021-жылдары — Сузак райондук балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде бокс боюнча машыктыруучу;
  • 2021-жылы — Сузак айыл өкмөтүнүн башчысы;
  • 2026-жылдан тартып — Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу.
Садыков Ниязбек Шайданбекович

Садыков Ниязбек Шайданбекович

Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары.

Билими: Жогорку билимдүү. 2006–2011-жылдары Кыргызстан Эл аралык университетинин экономика факультетинде билим алган.

  • 2017-жылдын 14-мартынан 2020-жылдын 10-июлуна чейин — «Таймурас Транс» ЖЧКсынын ташууларды уюштуруу бөлүмүндө диспетчер;
  • 2023-жылдын 1-июнунан тартып — Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адиси;
  • 2026-жылдын 20-февралынан тартып — Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары.
Калымбетова Дарыйкат Чотуровна

Калымбетова Дарыйкат Чотуровна

Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы.

Билими

Жогорку билимдүү. 2001–2007-жылдары Жалал-Абад мамлекеттик университетинде «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» адистиги боюнча билим алып, менеджер квалификациясына ээ болгон.

  • 2007-жылдын 1-июлунан 2009-жылдын 24-августуна чейин — Кызыл-Туу айыл өкмөтүндө кирешелер боюнча адис;
  • 2022-жылдын 1-ноябрынан 2026-жылдын 23-апрелине чейин — Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси;
  • Учурда — Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы.

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген