Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагына караштуу Кызыл-Сеңир айылынын МХО участкасында муниципалдык мал базар куруу долбоору ишке ашырылууда.
Долбоордун негизги максаты — жергиликтүү тургундарга, мал чарбачылыгы менен алектенген дыйкан-фермерлерге жана ишкерлерге заманбап талаптарга жооп берген ыңгайлуу соода аянтчасын түзүү. Муниципалдык мал базардын курулушу мал сатуу жана сатып алуу иштерин бир жерде уюштурууга, соода жүргүзүү үчүн тиешелүү шарттарды түзүүгө жана райондогу мал чарбачылык тармагынын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.
Долбоор боюнча негизги маалымат
Долбоордун аталышы:
Кызыл-Сеңир айылынын МХО участкасына муниципалдык мал базар куруу.
Жайгашкан жери:
Сузак району, Кызыл-Туу айыл аймагы, Кызыл-Сеңир айылы, МХО участкасы.
Куруучу:
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу «Жалал-Абад көчмө механикалаштырылган отряды» мамлекеттик ишканасы.
Долбоордун сметалык баасы:
94 880,0 миң сом (94 млн 880 миң сом).
Каржылоо булагы:
Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети.
Курулушту аяктоо мөөнөтү:
2026-жылдын 31-декабры.
Муниципалдык мал базардын пайдаланууга берилиши мал чарбачылыгы менен алектенген жарандар үчүн соода жүргүзүүнүн шарттарын жакшыртып, жергиликтүү экономикалык активдүүлүктү жогорулатууга жана айыл чарба продукцияларын сатуу инфраструктурасын өнүктүрүүгө шарт түзөт.
Долбоор Кызыл-Сеңир айылынын гана эмес, ага жакын жайгашкан калктуу конуштардын тургундары жана дыйкан-фермерлер үчүн да маанилүү инфраструктуралык объект болуп калат.