КООМЧУЛУКТУН КӨҢҮЛҮНӨ!
Коррупцияга каршы маалымдуулук боюнча сурамжылоого катышыңыз!
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институту тарабынан калктын коррупцияга каршы маалымдуулугунун деңгээлин аныктоо боюнча онлайн-сурамжылоо жүргүзүлүүдө.
Сурамжылоонун негизги максаты — жарандардын коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча маалымдуулугун, коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирүү жолдорун жана мыйзамда каралган жоопкерчилик чаралары тууралуу түшүнүгүн аныктоо, ошондой эле жарандардын коррупция көрүнүштөрүнө болгон мамилесин изилдөө.
🔹 Сурамжылоо ыктыярдуу жана анонимдүү түрдө жүргүзүлөт.
🔹 Катышуучулардын жеке маалыматтары талап кылынбайт.
🔹 Алынган маалыматтар жалпыланган түрдө гана талданып, мамлекеттик антикоррупциялык маалымат саясатын өркүндөтүүгө багытталган сунуштарды иштеп чыгууда пайдаланылат.
📅 Сурамжылоого катышуу мөөнөтү: 30-сентябрь 2026-жылга чейин.
Ар бир жарандын пикири маанилүү. Коомдо коррупциянын алдын алуу — жалпыбыздын милдетибиз.
Сурамжылоого катышып, өз пикириңизди билдириңиз!
📲 Анкетага өтүү үчүн QR-кодду сканерлеңиз.
шилтеме: https:/ /docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSdOVyztGdPPnyzP0f8OrXoLm74Pq4m8Jz8NJ5w2mI_Nx5MdfA/viewform?usp=dialog
