Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган Мамлекеттер аралык коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча кеңештин алкагында «Коррупцияга каршы биргеликте!» аттуу социалдык антикоррупциялык жарнаманын Эл аралык жаштар сынагы өткөрүлүүдө.

👥 Кимдер катыша алат?
Сынакка 10 жаштан 25 жашка чейинки Кыргыз Республикасынын жарандары жеке автор катары же чыгармачыл топтун курамында катыша алышат.
📅 Иштерди кабыл алуу мөөнөтү — 2026-жылдын 1-октябрына чейин.
Сынакка катышуу үчүн даярдалган чыгармачылык иштерди сынактын расмий сайты аркылуу жайгаштыруу зарыл:
🌐 www.anticorruption.life http://www.anticorruption.life
Сайтта сынактын эрежелери жана материалдарга коюлуучу техникалык талаптар менен таанышууга болот.
🏆 Жеңүүчүлөр ар бир номинация боюнча өзүнчө аныкталат. Мыкты деп табылган иштердин авторлору Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын баалуу белектери менен сыйланат.
🥇 Ал эми ар бир номинация боюнча биринчи орунду ээлеген катышуучулар Кыргыз Республикасынын атынан сынактын Москва шаарында өтө турган эл аралык этабына катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
💡 Өз идеяңды көрсөт!
Коррупцияга каршы күрөш — бул мамлекеттик органдардын гана эмес, коомдун ар бир мүчөсүнүн жоопкерчилиги. Өзүңүздүн чыгармачылык жөндөмүңүздү пайдаланып, коррупцияга каршы таза коомду курууга багытталган идеяларыңызды сүрөт, плакат же видеоролик аркылуу билдирүүгө мүмкүнчүлүк бар.
📣 Кызыл-Туу айыл өкмөтү 10–25 жаштагы чыгармачыл жаштарды сынакка активдүү катышууга чакырат!
Өзүңдүн идеяңды жарат, аны чыгармачылык менен көрсөт жана «Коррупцияга каршы биргеликте!» деген демилгеге өз салымыңызды кошуңуз!