2025-жылдын 20-мартында Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу жана ага жол бербөө максатында даярдалган видеороликтердин сынагы өткөрүлдү.
Сынакка Сузак, Кызыл-Туу жана Кыз-Көл айыл аймактарынын окуучулары милиция кызматкерлери менен биргеликте катышып, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, укук бузууларга жол бербөө жана жаштардын укуктук маданиятын жогорулатууга багытталган видеороликтерди сунушташты.
Иш-чарага Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары А.К. Маматжанов, Сузак райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы О.А. Мамытов, райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жана мектеп жетекчилери катышты.
Сынактын жыйынтыгы боюнча мыкты деп табылган катышуучулар баалуу сыйлыктар менен сыйланат. Ошондой эле жеңүүчү видеороликтер райондун айыл аймактарындагы жалпы билим берүүчү орто мектептердин окуучуларына көрсөтүлөт.
Бул иш-чара жаштар арасында укуктук түшүнүктү жогорулатууга, кылмыштуулуктун алдын алууга жана коопсуз жүрүм-турум маданиятын калыптандырууга багытталган.