2024-жылдын 13-апрелинде Сузак районунун аймагында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун демилгеси менен ишке ашырылып жаткан «Жашыл Мурас» улуттук өнөктүгүнүн алкагында кеңири көчөт отургузуу иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Барпы, Кызыл-Туу жана Кыз-Көл айыл аймактарында жалпы 1860 түп алма, бадам, жаңгак жана ийне жалбырактуу арча көчөттөрү отургузулду.
Барпы айыл өкмөтүнө караштуу Беш-Мойнок айылын аралап өткөн Ош–Бишкек авто жолунун эки тарабына 420 түп ийне жалбырактуу арча көчөтү тигилди.
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Талаа-Булак айылынын Көк-Булак участкасында жайгашкан №76 А. Матиев атындагы мектептин 0,40 гектар жерине алманын үч түрүнөн 320 түп көчөт отургузулду. Ошондой эле Таштак айылындагы №86 О. Муратов атындагы мектептин 0,10 гектар жерине алманын үч түрүнөн 40 түп көчөт тигилди.
Ал эми Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн Орток айылындагы Жантык жана Аңыз коктуларына «Орток» токой чарбасы тарабынан 1080 түп бадам жана жаңгак көчөттөрү отургузулду.
Иш-чарага Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Б. Суюнбаев, орун басары Г. Камбарова, айыл өкмөт башчылары, ошондой эле мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
«Жашыл Мурас» өнөктүгүнүн алкагындагы мындай иш-чаралар айлана-чөйрөнү жашылдандырууга, экологиялык абалды жакшыртууга жана келечек муундар үчүн таза жана көрктүү аймактарды түзүүгө багытталган.




